Күз мезгили көчөт отургузууга абдан ыңгайлуу маал, анткени ар кандай бактардын түрлөрүн тиккенге ылайык.

Германиялык эл аралык кызматташуу коому “Тунгуч” кичи районундагы сейил бакта 59 жаңы көчөттү отургузушту. Алардын арасында: катальпа, клен, платан жана гибискус аттуу жазы жалбырактуу бактарды отургузушту.

Урматуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди жашыл “жашоочуларына” кам көрүп, аяр мамилеңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирет.