Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн арасынан жергиликтүү администрациянын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын курамына киргизүү үчүн бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.
Жарандык коомдон Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн::
1) турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык тобокелдик топторунун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон уюмдардын өкүлдөрү;
2) кесиптик жана академиялык бирикмелердин жана союздардын өкүлдөрү;
3) турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын жана башка социалдык тобокелдик топторунун кызыкчылыктарын коргогон ассоциацияланган уюмдар тарабынан сунушталган калктын аялуу катмарынын абалын жакшыртууга тартылган көз карандысыз эксперттер;
4) калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө иш алып барган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.
Жарандык коомдун өкүлдөрү райондун же шаардын аймагында туруктуу жашаган жарандардын ичинен көрсөтүлөт.
Комиссиянын курамына кирүү үчүн арыз 28-октябрь саат 15:00гө чейин usr_sverdlov@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Байланыш телефону: 0703988778,0702122626,0312360326.