“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын ирригациялык системаларын тазалай башташты.
Ирригациялык системаларды тазалоо кышка даярдыктын этаптарынын бири болуп саналат.
Ирригациялык системаларды консервациялоо бир эле жөнөкөй себептен улам керек – түтүктөрдөгү суу тоңуп калганда кеңейет, тоңуу-эрүү учуру канчалык көп болсо, суу сакталып турган жабдуулар ошончолук көп жабыркайт.
Учурда жашыл чарбанын жумушчулары атайын техниканын жардамы менен Жайыл-Баатыр көчөсүндөгү сугат түтүктөрүндө калган сууну тазалап жатышат. Ирригациялык системаны тазалоону борбор калаанын жашылдандыруучулары аба компрессорунун жардамы менен жүргүзүшөт.
Компрессор насостон кийин тазалоочу агрегатка кошулат. Топтолгон бардык суу зоналар аркылуу төгүлөт. Ар бир зонага суу чыкканга чейин жок дегенде 4 жолу тазаланат. Шаардын суу түтүктөрүн тазалоо жана консервациялоо иштери бир айга созулат.