Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине коомдук транспортторду даярдоо максатында, ошондой эле жол-транспорттук кырсыктарын алдын алуу боюнча автобустук каттамдар текшерилди.

Автобустарды техникалык жактан даярдоого, дөңгөлөктөрдү алмаштырууга жана салондун ичиндеги санитардык абалга өзгөчө көңүл бурулду.

“Эко жүргүнчүлөрдү жеткирүү” ЖЧКсына таандык 113 автобустук каттамдарынын техникалык абалы текшерилип, ал эми 8 автобус техникалык абалы канааттандырарлык эместигине байланыштуу Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан убактылуу линиядан чыгарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин кичиавтобустук каттамдар текшерилген.

Бул багытта иш жүрүп жатат. Рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат жана абийирсиз ташуучу-фирмалардын жетекчилерине жана айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлөт.