2022-жылдын 27-октябрында саат 9.00дөн 17.00гө чейин ЧЧКнын Чыгыш каналы, Достоевский көчөсү – темир жол линиясы Аламүдүн суусуна чейинки чектешкен райондо турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемесинде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу токтотулат.

«ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ӨЭБы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.