Свердлов  районунун башчысы Максатбек Саргазаков №100 бала бакчанын базасында  райондун бала бакчаларынын директорлору менен жолугуштуу.

Жолугушуу ачык диалог форматында болуп өттү. Алар мекеме-ишканалардын, билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелери – оңдоо иштери, көрктөндүрүү, күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча маалымат беришти.

Ошондой эле билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу, КРнын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар жана биргелешкен иш-аракеттер тууралуу маселе талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында директорлорго педагогикалык жамаат, бакчалардын администрациялары арасында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бир катар иш пункттары боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүсү милдеттендирилди.