Свердлов районунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү талкууланды.
Свердлов районунун акимчилигинде кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйынга райондук салык кызматынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн, райондук каржы башкармалыгынын жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.
2022-жылдын январь-сентябрь айларындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын октябрына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралды. Маалым болгондой, Свердлов району боюнча малекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 9 айда жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 709 миллион сом салыктык түшүүлөр жыйналды.
Райондук кызматтардын жетекчилерине пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө дагы тапшырылды.