Иш стажы 5 жылга жетпеген жаңы баштаган жетекчилерге жардам берүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы “Мектептин жаш директору” долбоорун ишке ашырууда.

№6 автордук окуу тарбия комплекси  мектеп-гимназиясынын  базасында окуу семинары болуп өттү.

30дан ашык жаш жаңы жетекчилер  билимге ээ болуп, эң негизгиси өздөрүнүн татаал ишинде тажрыйба алышты.

Жолугушуунун темасы – билим берүү мекемелериндеги билим берүүнү башкаруу: жетекчинин башкаруу куралдарынын арсеналы.

Эске салсак, бул жылы мектептин өзгөчөлүгү мектепке кабыл алуудан мектепти бүтүрүүгө чейинки толук циклин өтүү  жана интерактивдүү класстарды колдонуу болуп саналат.

Алдыда дагы көп практикалык иштер бар!