Борбор калаадагы райондордун акимдери жеке кабыл алууларды өткөрүшүүдө.
Ленин районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда район аймагындагы актуалдуу маселелер жана көрктөндүрүү, материалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Башчы район тургундарынын бардык кайрылуулары боюнча райондук кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелер боюнча мыйзамдын чегинде жана ыкчам чечүү тапшырмасы берилди.
Эске салсак, муниципалдык администрацияда «Бирдиктүү терезе», ошондой эле adm-leninski@meria.kg электрондук почтасы бар, анда ар бир каалоочу өзүнүн каттарын жана кайрылууларын калтырып, Ленин районунун башчысы Тагаев Русланбек Таштанбекович жеке кабыл алуусуна жазыла алат.
Бирдиктүү терезе иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй пр.315 (биринчи кабат, фойенин сол тарабы) дареги боюнча ачык, тел: 656905.
Ошондой эле, Октябрь районунун акими Азамат Дороев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Жарандардын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилип, бардык көтөрүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ыкчам түрдө чечилет.
Эске салсак, Октябрь районунун акими Азамат Дороевдин жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 16:00дөн 17:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча өткөрүлөт, (0312) 57-63-80 телефону аркылуу жолугушууга жазылсаңыз болот
Кошумчалай кетсек, Октябрь районунун тургундары ар жума күнү саат 18:00дө Бишкек шаарынын Октябрь районунун МАнын расмий баракчасына түз эфирде суроолорун бере алышат.