«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан «Ак-Өргө» конушунда көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өмүр көчөсүндө Ашар көчөсүнөн Күн көчөсүнө чейин тротуар уюштурулду.
Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн тротуардын 5 бөлүгүнө өзүнчө чөнтөктөр каралып, ага 10 даана отургучтар коюлуп, 5 даана таштанды челектери орнотулду. Тротуардын узундугу 275 погон метрди түзөт.
Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот instagram: mp_bishkekasfaltservis.