Кардан тазалоо иштерине 17 кум чачуучу унаа (15 МАЗ КО -806 жана 2 ЗИЛ КДМ), 4 трактор (Беларусь), 5 грейфердик жүктөгүч тартылды. Шаардын көчөлөрүнө 433 тонна кум жана 33 тонна туз чачылды.
Тазалоо иштерине Жол -эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана «Тазалык» ишканасынын 510 жумушчусу тартылды.
Учурда тазалоо иштери кечке чейин токтотулду. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.