Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.
Инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.
№5 кичирайондогу 82-үйдүн жанындагы узундугу 16х5 метр болгон темир тосмолорду демонтаждоо иштери башталды. Ошондой эле Молдокулов көчөсүндөгү Көк-Жар конушундагы темир контейнер демонтаждалды.
Ошондой эле, инспекция күчөтүлгөн режимде борбор калаанын көркүн бузуп жаткан уруксатсыз жарнактардан тазалоо боюнча рейддерди өткөрүүдө. Бир жуманын ичинде 200дөн ашык көрнөк-жарнактарды жана конструкцияларды демонтаждадык.
Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын иши боюнча суроолор боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:
https://www.facebook.com/SeiMeria/
https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08