Октябрь районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары каратэ боюнча «Маршал Покрышкиндин кубогу» эл аралык турниринде жакшы жыйынтык көрсөтүштү.

Новосибирск (Россия) шаарында Кыргызстан, Казакстан, Россиянын 36 облусунан жана Беларусиядан 1693 спортчу катышкан мелдеш өттү.

Биздин спорт мектебинен 10 спортчу катышып, алар өз оюнунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү байгелүү орундарга ээ болушту:

18 жаштан жогорку курак категориясында:
- Баратов Висид 3-орун - 60 кг;
- Нурланбек уулу Калыс 2-орун - 67 кг;
- Нурланов Назим 3-орун - 75кг.

16-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында:
-Ильясов Мухаммед 3-орун – 61кг.

8-9 жаштагы балдар:
Хван Данил 1-орун - +30 кг.

Мелдештер каратэни кеңири жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо, достук байланышты чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды мелдештерге ийгиликтүү катышуусу менен куттуктайт жана мындан аркы ийгиликтерди каалайт!