Текшерүүнүн жүрүшүндө Юнусалиев көчөсү, 170 дарегинде жайгашкан «БЕК» дыйкан чарбасынын айланасында курулуш калдыктары жана ар түрдүү таштандылар өрттөлгөн, ошондой эле 2016-жылга таштанды чыгаруу үчүн келишим түзүлгөн эмес.
Жыйынтыныда Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «БЕК» дыйкан чарбасынын директору Бердибаев Р.дин атынан КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.