1-сентябрдан тарта бишкектиктер үчүн 9 мектеп жана бир бала бакча ачылды, алар республикалык бюджеттин эсебинен курулган.

Биринчи карлыгач болуп “Алтын-Ордо” конушунда №98 мектебинин ачылышы өттү. Мектеп 480 окуучуга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардын бардык топтомдору менен иштелип чыккан (окуу класстары, ашкана, жыйындар жайы, жуунучу бөлмө, спорт залы).

Ошол эле күнү капиталдык оңдоодон кийин 640 окуучуга ылайыкталган №10 мектеп ачылган.

“Ак-Бата” конушунда №43 мектепке кошумча корпусун ачылды. Кошумча корпуста спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана каралган. Имарат бир кабаттуу, жалпы аянты 651,71 чарчы метр. Подряддык уюм – “Сапат Пром”.

№35 орто мектебинде спорт залынын ачылышы болуп өттү. Имараттын жалпы аянты 933 чарчы метр, ал эки блоктон турат: спорт залга жанаша жайгашкан жер жана учурдагы мектеп менен залды бириктирген жалпы тамбур. Спорт залы галереяны, ванна бөлмөлөрүн, дааратканаларды, ошондой эле 2 ийрим кабинетин жана чечинүүчү бөлмөнү камтыйт. Мектептин жанындагы аймакта көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү. Воркаут аянтчасы орнотулуп, чуркоо жолу курулган. Курулуш иштерин подряддык уюм “Капитал Курулуш” ЖЧКсы жүргүзгөн.

“Жал-29” кичи районунда жаңы бала бакча ачылды. Бала бакча 140 орунга ылайыкташтырылган. Имараттын жалпы аянты 1484 м2.

“Мурас-Ордо” конушунда орундуу 660 орундуу №99 мектеби ачылды.

Мектепте инженердик тармактарды орнотуу менен курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, аймак көрктөндүрүлдү. Окуу жайдын периметри боюнча тосмо да орнотулган. “Ясин – Курулуш” ЖЧК мектебин курган подрядчы.

2022-2023-окуу жылына “Мурас-Ордо” конушунда жашаган 1600 окуучу кабыл алынып, 43 класс толукталды. Балдарды 63 мугалим окутат.


№40 мектебине кошумча имарат ачылды. Имараттын аянты 4 137 м2. Үч кабаттуу кошумча имарат 500 окуучуга ылайыкталган. Мектепте 18 окуу классы, аянты 284 м2 болгон спорт залы жана аянты 212 м2 болгон жыйындар жайы. Ошондой эле мектептин блокторунун биринде жертөлө бар.

Мектеп бардык керектүү жайлар менен курулган: тазалык техникалары, кызматкерлер үчүн чечинүүчү бөлмө, тамбур, изоляциялык бөлмө, шаймандарды тазалоочу бөлмө, чечинүүчү бөлмөлөр, жуунучу жайлар, театр кийимдер жайы, дарылоо бөлмөсү, окуу залы, китепкана, логопед-психологдун бөлмөсү, музыка жана вокал бөлмөсү, класстык бөлмөлөр, ж.б.

Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут үчүн спорттук аянтчалар курулган. Мектептин аймагы жашылдандырылып, көрктөндүрүлгөн.

Курулуш иштерин подряддык уюм “Лидер Хаус” ЖЧКсы жүргүзгөн.

Ошондой эле, №6 автордук окуу-тарбия комплексине кошумча имарат ачылды.

Спорт залы жана Жыйындар жайы бар имараттын аянты 2 040 м2. Жыйындар жайы 130 орундуу, эстрада жана кийим бөлмөсү менен иштелип чыккан.

Ошондой эле, имаратта: хореографиялык бий залы, техникалык кабинет, ийримдер жана класстар, спорт залы жана жабдууларды орнотуу үчүн бөлмөсү, машыктыруучунун бөлмөсү, чечинүүчү бөлмө, психологиялык жана валеологиялык бөлмө бар.

Имараттын жер төлөсүндө ванна бөлмөсү, кампа, чарбалык жай, китеп сактоочу жай жана архив жайгашкан.

Курулуш иштерин подряддык уюм – “Капитал курулуш” ЖЧКсы жүргүзгөн.

№75 Мектеп-лицей-жаңы көрүнүшкө ээ болду. Мурунку мектеп имараты авариялык абалда болгон. Андыктан 550 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынган.

Мектептин жер участогунун жалпы аянты 1,8 га, ал эми имараттын аянты 5607 м2.

Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 20 класска ылайыкталган. Спорт залдын аянты 384 чарчы метрди түзөт. Мектептин жер төлөсү да бир блок болуп, анда коммуналдык кампалар, насостук станция, жылытуу блогу, вентиляциялык камера, кампа жайгашкан.

Мектеп бардык зарыл болгон көмөкчү бөлмөлөр менен курулган: гардеробу бар тамбур, санитардык бөлмөлөр, канцелярия, универсалдуу устакана, кыздар үчүн эмгек классы, кабыл алуу бөлмөсү, врачтык кабинеттер, техникалык кызматкерлер, тренер, инвентарлар бөлмөсү, дарылоо бөлмөсү, ашкана, тамактануучу зал, кийим алмаштыруучу жай, лабораториялар, китепкана, окуу залы жана жыйындар жайы.

Окуучулардын класстарынан тышкары мектеп имаратында өзүнчө блок менен бөлүнгөн музыка класстары да бар. Музыкалык класстардын жалпы аянты 424 м2.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Эталон Винспецстрой» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Мындан тышкары, капиталдык ремонттон кийин №76 мектеби ачылды. Ошондой эле мектептин конструкциялары бекемделди.

Реконструкциядан кийин мектептин кубаттуулугу 360 окуучулук орунду түзөт. Жер участогунун жалпы аянты-0,54 га, ал эми имараттын аянты-2341 м2.

Имаратта 17 окуу классы жана аянты 126,6 м2 болгон спорт залы каралган. Мектептин блокторунун биринде жер төлө бар.

Мектептин ичинде ашкана, кампа, спортзал, кийим бөлмөсү, техникалык бөлмө, ванна бөлмөлөрү жана лаборатория бар.

Мектеп алгач 1952-жылы курулган. 2018-жылы пайдаланууга жараксыз деп табылып, ал эми 2022-жылы реконструкция жүргүзүлгөн.

Курулуш иштери "Арай"ЖЧКнын подряддык уюму тарабынан жүргүзүлгөн.