Семинарды Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Шаардык ден соолукту чыңдоо борбору жана «Эргене» коомдук фонду менен биргеликте Бүгүн бүткүл дүйнөлүк шишик оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрдү.
Аталган иш-чаранын башкы максаты спорттук мекемелерде иштеген медицина кызматкерлери арасында санитардык-агартуучулук иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Семинарга Бишкек шаарынын спорттук мектептеринин 20 дан ашык өкүлү катышты.