Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясында Ленин районунун англис тили мугалимдери үчүн “Окутуудагы заманбаптык” деген темада семинар болуп өттү.

Семинарга Индиянын Шард университетинин өкүлү, профессор Прамода Кумара, Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайкүл Темирканова, англис тили мугалимдери катышты.

Макулдашуунун максаты мектептердин окуу-методикалык жана илимий кызматташтыгынын активдүүлүгүн жогорулатуу, жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектептер ортосунда ар тараптуу байланышты түзүү, мектепти дүйнөлүк билим берүү жана илимий мейкиндикке активдүү интеграциялоо болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө Индиянын Шарда университетинин Гуманитардык жана социалдык илимдер мектебинин өкүлү, профессор Прамод Кумар менен кызматташуу келишимине кол коюлду.

Гимназиялык мектепте тең укуктуулуктун жана өз ара кызыкчылыктын негизинде төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү каралаууда: илимий-техникалык маалымат, окуу жана илимий-методикалык адабияттар, мезгилдүү басылмалар жана заманбап басылмалар менен маалымат алмашуу, биргелешкен илимий конференциялар, семинарлар жана башка иш-чаралар, профессордук-окутуучулук курам үчүн лекциялар жана практикалык машыгуулар.


Семинардын аягында катышуучулар эл аралык сертификат алышат.