Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында «Hyde Park» эс алуу борбору менен биргеликте №22 атайын орто мектебинин 25 баласы үчүн эс алуусу уюштурулду.
Балдар ат минип, зоопаркка барышып жана балдар үчүн түшкү тамак уюштурулду. Окуучулар позитивдүү эмоцияга ээ болушуп, жакшы маанай менен кайтышты.
Ленин райондук билим берүү борбору «Hyde Park» эс алуу борборунун администрациясына экскурсия үчүн ыраазычылык билдирет.