2022-жылдын 19-сентябрына карата Бишкек шаарынын мэриясы, түзүмдүк бөлүмдөр жана муниципалдык ишканалар тарабынан Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 4  млн 244 миң  сомдон ашык бир күндүк эмгек акы которулган.

2022-жылдын 20-сентябрында жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн мэриянын жетекчилигинин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жеке каражаттарынан 1 миллион сом бөлүндү. Ошондой эле жакынкы күндөрү баткендиктерге жардам көрсөтүүнү пландаган шаардагы мекеме-уюмдарга каражаттар которулат.