Шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Джанышева жана Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Элден Калчакеев №9 билим берүү комплексинин 2-кабатынын терезесинен секирип кеткен кызга барышты.

Эске салсак, кыз 14-сентябрда саат 12:30да Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилип, травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүүдө жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жалпы абалы канааттандыраарлык.

Белгилей кетсек, бул окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат, кошумча маалымат берилет.

Вице-мэр окуучуга  тезирээк сакайып кетишин каалады.