Эми жарандар отунду арзандатылган баада сатып ала алышат.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы отунду арзан баада сата баштады.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жыгач кампасына санитардык бутоо жана авариялык абалдагы бак-дарактарды кыйууда пайда болгон отундар жөнөтүлөт. Ар бир райондон отун алууда эсепке алуу жүргүзүлөт.

Урматтуу жарандар!  Жыгач отунду арзан баада сатып алуу үчүн  «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына 0708 08 08 35 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.