Мелдеш шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов катышып, катышуучуларды майрамы менен куттуктады жана аларга ийгилик, жеңиштерди каалады.
Спорттук иш-чарада балдар үчүн спорттук эстафеталар жана оюндар, конкурстар, «Аяз киши жасоо конкурсу», «аркан тартыш», «Бука тартыш», «Таяк тартыш» оюндары уюштурулду. Жалпысынан 400 бала катышты.
Иш-чара кышкы спорттун түрүнө жаңы катышуучуларды тартуу жана сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.