“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Товарная көчөсү Гатчин көчөсүнөн Шиш Төбө көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду.

Ошондой эле, ишкана тарабынан асфальт катмары бузулган жол участокторунда карталык оңдоо (карточный ремонт) иштери аткарылууда.

Бүгүнкү күндө Ч.Айтматов проспектиси – Масалиев көчөсүнүн (түштүк Магистраль)  кесилишинде карталык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Атайын техниканын (фреза) жардамы менен асфальт төшөлгөн катмардын бузулган катмарын алуу иштери аткарылууда.

Оңдоо иштерине байланыштуу айдоочуларыбыздан жогоруда көрсөтүлгөн кесилиште этият болушун суранабыз.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis..

Бишкек мэриясы шаардыктарга биздин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу  иштерибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө өз убагында маалымдагандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.