«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Алтын-Ордо» конушундагы мектептин жана №10 мектептин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин бүтүрүштү.

№76 орто мектепте “Бишкекжашылчарба” ишканасынын  жумушчулары газон чөптүн үрөнүн себүүнү аяктап, алгачкы отургузуу иштерин баштады.Мектептин негизги кире беришинде 20 түп арча жана 3 миң түп бир жылдык гүл пайда болот. Чакан гүл  ийне жалбырактуу өсүмдүктөр менен газонду кооздойт.

Аталган мектептин аймагын көрктөндүрүү иштеринде Свердлов районундагы ишкананын 12 жумушчусу жана борбордогу №1 күнөскананын 3 гүл өстүргөн кызматкери  иштешкен.

Жаңы мектептерге жанаша жайгашкан аймагына отургузулган ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн тамыр системасы жабык болгондуктан, аларды жылдын каалаган мезгилинде отургузууга мүмкүндүк берет. Отургузулгандан кийин, өсүмдүктөр кылдаттык менен сугарылып жана атайын жер семирткич менен азыктандырылат.