Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.
Текшерүү учурунда транспорттун санитардык абалы, жумуш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму, санитардык каражаттар жана беткаптардын болуусу текшерилди.
Мындан тышкары айдоочулар иш учурунда наркологдордун текшерүүсүнөн өтүштү.
Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.
Текшерүү саат 08:00дөн 11:00гө чейин жүргүзүлдү.