Борбор калаанын акимчиликтеринде пландык жыйындар өткөрүлдү.

Ленин районунун акимчилигинде башчы Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында кезектеги пландык жыйын өттү. Райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана МАБдардын жетекчилери катышышты.

Күн тартибине ылайык үч маселе каралды: жетекчинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы, «Санарип аймак» боюнча аткарылып жаткан иштер жана «Бишкекасфальтсервис» МИнин Ленин району боюнча 2022-жылдын 8 айында аткарылган иштери жөнүндө. Пландык жыйындын жыйынтыгы менен «Бишкекасфальтсервис» МИнин жетекчисине Садырбаев көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштерин күчөтүү боюнча жана МАБдын башчыларына үй чарбаларын «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалымат системасына киргизүү боюнча иштерди улантуу тапшырмалары берилди.

Свердлов акимчилигинде башчынын орун басары Руслан Бекназаровдун жетекчилиги алдында пландуу жыйын өттү. Райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана МАБдардын башчылары катышты.

Күн тартибине ылайык, эл менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жетекчинин тапшырмаларынын аткарылышы боюнча МАБдардын отчеттору угулду. Пландаштырылган жолугушуунун жыйынтыгы боюнча МАБдардын жетекчилерине актуалдуу маселелерди ыкчам чечүү максатында калк менен тыгыз байланышта иш алып баруу тапшырылды.

Биринчи май акимиатынын жыйындар залында пландуу жыйын өттү. Район башчысы Максатбек Сазыкулов орун басарлары, райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана МАБдардын жетекчилери менен биргеликте райондун турмушундагы маселелерди талкуулады. Күн тартибине ылайык үч маселе каралды: жерге мунапыс берүү, күзгү чакыруу боюнча аскер комиссариатынын жүргүзүп жаткан иштери, «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү.

Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаментинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата жер тилкелерине мунапыс жарыялоо боюнча 316 арыз келип түшкөн, алар комиссиянын кароосуна коюлат.

2022-жылдын 1-сентябрынан 30-ноябрына чейин армияга күзгү чакыруу башталды, 1-майга чейинки мөөнөткө, мөөнөтүнөн мурда бошотууга укугу жок 18 жаштан 25 жашка чейинки аскердик курактагы жарандар чакыруу комиссиясынан өтүүгө, жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү,.

Райондук аскер комиссариатында 4606 аскерге милдеттүү каттоодо турат, анын ичинен 1009у аскердик кызматка жарактуу, 68и альтернативдик кызматта, 1375и кызматты улантууда, 940  18 жашка чейинкилер, 1138и биринчи жолу каттоого алынат, 76сы аскерге чакыруудан качууда. 2022-жылга план боюнча 62 аскерге, 390 аскерге милдеттүүлөрдү альтернативдик кызматка жөнөтүү пландалууда.

Чакыруу мезгилиндеги кыйынчылыктар да айтылды: күн тартибине толук көңүл бурулбай, аскер комиссариатынан, окуу жайлардан келип түшкөн чакыруулар окуучулардын маалыматтарын кечиктирүүдө, милиция кызматкерлери кызмат өтөөдөн качкан жарандарды аскердик каттоого алып келүүгө бөлүнбөй жатат, ушуну менен катар аскерге чакырылуучуларды издөө үчүн транспорт жана башка чыгашалар бар.

Үчүнчү маселе боюнча МАБдын башчыларына бул багыттагы иштер күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жатканын, бирок алар бул системаны толтурууда пайда болуп, толук кандуу иштешине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөргө туш болуп жатканын билдиришти.

Айтылган тапшырмалар, сунуштар жана сын-пикирлер андан ары ишке ашыруу үчүн пландаштырылган жыйналыштын протоколуна киргизилет.