Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Нарвская көчөсү, 74 дарегиндеги «Сетунь» мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын кайра пландоо менен реконструкциялоо иштерин сатып алууну жарыялайт.
«Сетун» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жалпы аянты 0,52 гектарды түзөт, имараттын өзү эки кабаттуу.
2019-жылдын 21-ноябрына чейин имарат жеке менчикте болуп, андан кийин Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн.
Башкармалык тарабынан 2021-жылы долбоорлоо иштери жүргүзүлгөн. Мектепке чейинки билим берүү уюму 130 балага ылайыкталган. Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка жана гимнастика үчүн өзүнчө бөлмө каралган.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сынактар тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg