Биринчи май райондук С.Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби Кыргыз Республикасынын Ок атуу спорт федерациясы менен биргеликте жаңы ок атуу бөлүмүн ачууда.
Сабактар 9х19 спорттук-атуу комплексинин базасында өткөрүлөт. Анда жаш спортчулар машыгууга керектүү бардык шаймандар менен камсыз болушат.
Балаңызды бул бөлүмгө жазууну кааласаңыз Федерациянын өкүлдөрү менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: 0999 919 919.
Маалымдама: Ок атуу Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген жана бир нече түрдүү дисциплиналарды жана көнүгүүлөрдү камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Ок атуу спорту боюнча федерациясы 1992-жылы калк арасында ок атуу спортун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында түзүлгөн.
Федерация түзүлгөндөн бери Олимпиадалык оюндардын катышуучулары, Азия, Борбордук Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү жана башка эл аралык конкурстардын лауреаттары болгон спортчулардын арасынан ийгиликтүү спортчулар чыга баштады.
Азыркы учурда федерация жыл сайын эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүүдө.