Рейддик иш-чаралар оюн-зоок мекемелеринде алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.
Рейддин жүрүшүндө комиссия беш мекемени текшерди. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан мыйзам бузуу боюнча 13 миң сомго 2 протокол түзүлдү.
Ошондой эле, ведомстволор аралык комиссия мекемелердин администраторлору жана коноктору менен коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча, ошондой эле, мыйзам бузуунун мындан аркы кесепеттери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки түтүнүнөн жана аэрозолдон коргоо жөнүндө” Мыйзамынын № 19, № 24 беренелеринин талаптарын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.