Адистер Бишкек шаарынын аэрация станциясындагы тартылып келинген жана буруп кетүүчү каналдарды, ошондой эле кум тоскучтарды тазалоону жүргүзүп жатат.
Иштер кол менен жүргүзүлдү. Кум тоскучтар кирген тазалоонун механикалык блогунун натыйжалуулугу тазалоонун мындан аркы бардык этаптарынын кепилденген, туруктуу иштерине көз каранды.
Кум тоскучтар кумду гана эмес, ошондой эле майда таштарды, айнектин сыныктарын, шлактарды ж.б. тосуу үчүн багытталган. Чөгүп калган бөлүкчөлөрдү тазалоо керек.
Аэрация станциясы – шаардын ири канализациялык курулмалардын бири болуп эсептелет.
«Бишкексууканал» ӨЭБы канализация системасы таштандыларды керекке жаратуу үчүн багытталбагандыгын эскертет. Ага майда акыр-чикирлерди жана курулуш таштандыларын, кагаздарды, ороочу материалдарды жана азык-түлүк калдыктарын, нымдуу даарат кагаздарын, нымдуу кол аарчыларды жана жеке гигиенанын башка каражаттарын таштоого болбойт.
МААЛЫМ КАТ: Бишкек шаарынын тазалоо курулмалары эксплуатацияга 1978-жылы киргизилген. Ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 380,0 миң м3 түзөт, иш жүзүндө аэрация станциясына орто эсеп менен суткасына 220,0-230,0 миң м3 таза эмес агындылар келип түшөт.