Муниципалитеттин балансына өткөндөн бери биринчи жолу «Газпром балдарга» спорттук-эс алуу комплексинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Департаменттин жана комплекстин жетекчилигинин аракети менен демөөрчүлөр тартылып, сарпталган каражат толугу менен алар тарабынан жабылды.

Оңдоп-түзөө иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын директору Мирлан Парханов текшерди.

Жууну бөлмөлөрдө эски плиткалар алынып, жаңы керамикалык плиткалар орнотулуп, дубалдар фунгициддик суюктук менен сүртүлдү. Кошумча желдетүү системалары орнотулду. Канализация жана дренаждык түтүктөр орнотулуп, иштен чыккан тетиктер алмаштырылды.

Кызматкерлер үчүн бөлмө маселеси чечилди. Азыр алардын өздөрүнүн жайлуу кеңсеси бар. Бул үчүн узун коридордун оң канатынын кичинекей бөлүгү тосулуп, эшик орнотулду.

Ошондой эле кошумча жарык берүүчү приборлорду орнотуп, сырткы отургучтарды сырдап, таштанды челектерин сырдап, чоң залдагы коргоочу такталарды оңдоп беришти.

Баарыңыздарды кооз, кенен комплексибизге чакырабыз! Урматтуу ата-энелер, балдарыңызды биздин секцияларга жазгыла, бала кезден сергек жашоого үндөгүлө.

Маалымдама: Комплекс «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан курулуп, 2016-жылы муниципалитеттин карамагына өткөрүлүп берилген. Комплексте грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс, дзюдо, таэквондо жана гимнастика боюнча секциялар бар.