Бишкек шаарынын көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана үй-бүлөлүк дарыгердин жана тар адистердин кеңешин, диагноз коюуга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү камтыйт.
Үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардамдын колдоно алышат.
Амбулатордук кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- белгиленген ооруда дарылоочу врач сунуш кылган үй режимин так сактоо зарыл болгондо (врач-консультанттын сунушу боюнча стационардан чыккандан кийин дарыгерди үйгө чакыруу);
- катуу өнөкөт ооруларда, эгерде бейтапты унаа менен ташуу мүмкүн эмес болсо жана кыймылдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо;
- оорунун терминалдык стадиясында турган, олуттуу чектелген физикалык жана психикалык мүмкүнчүлүктөрү бар жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психо-социалдык жардамга, узак мөөнөттүү башка бирөөнүн камкордугуна муктаж инкурабелдүү бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн;
- зарыл болгон учурда стационардан чыккандан кийин оор дартка чалдыккан балдарга жана чоңдорго айыкканга чейин байкоо жүргүзүү.
- унаа менен ташуу мүмкүн эмес бейтаптарга рецепт жазуу үчүн;
- документтерди жана эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздөө менен убактылуу эмгекке жарамсыздыкты экспертизалоо үчүн;
- ооруканага жаткырууга жолдомону тариздөө үчүн.
Белгилей кетсек, көчмө амбулатордук кызмат төшөктө жаткан, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт. Кызмат тез жардам чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар тез жардамдын кызматында.
2022-жылдын кызмат иштеген бир айдын ичинде 593 бейтап тейленди, анын ичинен 66 бала, 189 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. 146 бейтап тар адистер тарабынан текшерилип, 26 учурда паллиативдик жардам көрсөтүлдү, МСЭК боюнча 10 иш кагаздары бүткөрүлдү, 323 лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МГП) алкагында 113 инструменталдык текшерүүлөр жүргүзүлдү, 58 рецепттер берилди.