“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң “Ала-Тоо” аянтынан жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды.

Тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.  

Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20  даана биодаратканалар орнотулган.

Ошондой ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-августта  да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.