Бүгүн, 2022-жылдын 31-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Иш-чаралар борбор калаанын райондорунда да өткөрүлдү.

Биринчи май районунун “Мурас-Ордо” конушунда “Ыр кесе” иш-чарасы өттү.

Элдик чыгармачылыктын, ансамблдердин концерти, улуттук жана спорттук оюндар уюштурулду. Ошону менен бирге активдүү жашоочулар Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Соңунда кезектеги Ыр кесени өткөрүүдө эстафетаны Калыс-Ордо конушунун тургундарына  тапшыруу аземи болду.

Свердлов райондук администрациясы тарабынан райондун кичинекей тургундары жана активисттери үчүн аркан тартыш, бука тартыш жана башка спорттук эстафеталар уюштурулган.

Ошондой эле райондун 4 командасы: № 40 жана 43-кварталдар, «Чыгыш-5» жана «Чыгыш-6» кичи райондорунун ортосунда футбол болду. Балдар абдан кызыктуу жана унутулгус эмоцияларга ээ болушту. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, медалдар жана таттуулар менен сыйланышты.

Свердлов районунун №20 Мабынын “Каражыгач токою” паркында 14 жашка чейинки балдар үчүн спорттук оюндар, бийлер, караоке уюштурулду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар, медалдар жана футболкалар тапшырылды.

№52 орто мектепте да майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Мектептин окуучулары өздөрүнүн бий номерлерин тартуулап, ырдап, комуз чертип, спорттук мелдештер да уюштурулду.

№18 МАБ мектеп жетекчилиги менен биргеликте балдарды түрдүү сыйлыктар жана белектер менен кубандырды.

№21 МАБдын аймагында чакан концерт уюштурулуп, активдүү жашоочуларга Ардак грамоталар тапшырылды. Фестивалда улуттук оюндар да уюштурулду. Ал эми кечинде жаштар арасында өтүүчү футбол күтүлүүдө.

Жолон жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ак-Өргө жаңы конушунда Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп, балдар спорт аянтчасынын ачылышы өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара Эгемендүүлүк күнүнө карата Жер-Ынтымагы жаңы конушунда да уюштурулуп, ага райондун аксакалдары катышып, тургундарды куттукташты.

"Ден соолук" паркында спорттун 5 түрү боюнча (волейбол, жеңил атлетика, кичи-футболдук эстафета, аркан тартыш) спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Анда экстремалдык спортчу Алексей Тепляшин да чыгып, 3 автобусту тартуу боюнча рекорд көрсөттү.