Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жана «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» кызматкерлеринин ортосунда «Достук»  оюну болуп өттү.

Кубок үчүн 4 команда ат салышты. Жыйынтыгында   «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын №2 Депонун айдоочулар командасы жеңип алды.

Мындан тышкары башкармалыктын жетекчилиги тарабынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлер көп жылдык эмгеги үчүн Ардак грамота жана Ыраазычылык каты менен сыйланышты.