«Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.
Ишкананын кызматкерлерин Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков, “Тазалык” ишканасынын директору Нурлан Касымов жана анын орун басары Марат Алдашкуров куттукташты.
О.Попиков ишкананын ар бир кызматкери шаардын өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жатканын белгилеп, кызматкерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ыраазычылык баракчалар жана ардак грамоталар тапшырылды.
Профсоюз комитети майрамдык сый тамак уюштурду. Мындан сырткары спорттук мелдештер да өткөрүлдү.