"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

"Бишкекасфальтсервис" МИ тарабынан Ата-Түрк паркынын аймагында буга чейин бир нече тротуарлар калыбына келтирилген, дагы бири асфальтталган.
Титулдук тизмеге ылайык, ишкана Исанов көчөсүн Васильев көчөсүнөн Ананьев көчөсүнө чейин асфальттады. Ошондой эле бүгүнкү күндө Самарский көчөсүн Васильев көчөсүнөн Ананьев көчөсүнө чейин асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis..
Бишкек мэриясы шаардыктарга биздин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу  иштерибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө өз убагында маалымдагандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.