Кадырлуу мекендештер жана коноктор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук майрамы - Эгемендүүлүк  күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бүгүн — элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, эң ыйык, эң улуу күн. Мындан туура 31 жыл мурда  кызыл Туубуз желбиреп, Эгемендүү Кыргыз Республикасы пайда болгон.

1991-жылдын 31-августу байыркы элибиздин турмушундагы эң маанилүү улуттук майрам катары өлкөбүздүн тарыхына кирди.
Дал ушул күнү ата-бабаларыбыздын, көптөгөн муундардын мүдөөсү, алардын эркин, көзкарандысыз өлкөдө жашасак деген тилектери орундалган. Ошондуктан, ар бирибиз үчүн эгемендүүлүк, суверендүүлүк, бүтүндүк жана биримдик – бул жөн гана сөздөр эмес, башкы баалуулуктар жана көздөгөн максатыбыз.

Эгемендүүлүк жылдарында өлкөбүздө, шаарыбызда көптөгөн орчундуу окуялар, чоң өзгөрүүлөр болду.

Шаар динамикалуу өнүгүп жатат, бирок, ошол эле учурда анын жарык маанайы, өзгөчө жылуу, позитивдүү жана меймандостук атмосферасы сакталып калды.

Бишкек реалдуу өнүгүү келечеги бар шаар. Ал – өз эмгеги менен бардык кыргызстандыктардын сүйүктүү борборунун даңкын арттырган адамдардын шаары.

Андыктан, алдыбызда аткаруучу  дагы көп иштер турат. Биз Бишкек шаарын өнүктүрүүгө, шаар тургундарыбыз үчүн бардык шарттарды түзүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз.

Урматтуу шаар тургундары!
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик, ачык асман каалайм!
Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин бирге куралы!

Эгемендүүлүк майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри Э.Абдыкадыров