Эгемендүүлүк майрамынын алдында Ленин районунун № 42, 50, 57 мектептеринде заманбап спорттук воркаут аянтчаларынын ачылышы болду. Окуучулар дене тарбия сабагы убагында жана бош убактыларында футбол, волейбол, баскетбол ойной алышат.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова балдарды жана мектептердин педагогикалык жамаатын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, воркаут аянтчасын салтанаттуу түрдө ачышты.

Келген коноктор балдарга жана мугалимдер жамаатына жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалашты.

Бул объектилер жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Воркауттарды жана спорт аянтчаларын орнотууну «Янч Лимитед» ЖЧКсы жана «Оомат Групп» ЖЧКсы жүргүзгөн.