Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектиндеги "Beta Stories 1" соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жай жана курулуш иштери жөнүндө түшүндүрөт.
2005-жылдын башында Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен аянты 0.866 га болгон соода борбордун унаа токтотуучу зонасы "Бета Иншаат Ятырымжылык" компаниясына 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Аймак функционалдык максаты боюнча колдонулууда.
"Beta Stories 1" соода борборунун жанындагы Чүй 146 дарегиндеги 2 кабаттуу имараттын ордундагы курулуш жеке аймакта жүргүзүлүүдө, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты бар.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Прокуратурасынын өтмөк жол менен камсыз кылуу жөнүндө сунушу боюнча Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекция тарабынан жогоруда аталган соода борборунун авто токтотуучу жайынын тосмосу демонтаждалган.