Муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калааны көрктөндүрүүгө салым кошкон, тактап айтканда, имараттардын фасаддарын жакшыртууга көмөк көрсөткөн шаардыктарга ыраазычылык каттарды тапшырды.
Мэр кызматташуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, бакубатчылык, ийгиликтерди каалап, келе жаткан майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Ошондой эле Э.Абдыкадыров мындан аркы кызматташууга чакырып, демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.