Бишкектин райондорунда коллегиялар өткөрүлдү.
Биринчи май акимчилигинде өткөн коллегияга вице-мэр Олег Попиков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бактыбек Абдиев, Максат Алымбеков, Элнура Дүйшекеева, Ильяс Чалов, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери, район мектептеринин директорлору жана МАБ башчылары катышты.
Коллегиянын иш планы каралып, 2022-2023-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшү, райондун мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы талкууланды.
Биринчи маселе боюнча башчынын орун басары Чыңгыз Байсов, экинчи маселе боюнча райондук билим берүү борборунун башчысы Рахат Мусаева баяндады.
Отурумда күн тартибине коюлган маселелердин багыттары боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилип, шаардык кызматтардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги да белгиленди.
Берилген маалыматтар угулуп, коллегия мүчөлөрү тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер эске алынып, тапшырмаларды жана артыкчылыктуу милдеттерди көрсөтүү менен токтом кабыл алынды.
Октябрь районунун жыйындар залында аким Азамат Дороевдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга Бишкек шаарынын вице–мэри Нурдан Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаты Дастан Бекешев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лира Акунова, Омуркан Ашанбаева, Гульназ Халилова, Эрмырза Давыдов, ошондой эле шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.
Жыйында билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жаңы окуу жылына даярдыгы талкууланды.
Райондук билим берүү борборунун директору, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү баяндама жасашты.
Жогоруда аталган маселени кароонун жыйынтыгы боюнча Билим берүү борборунун директоруна билим берүү процессине өзгөчө көңүл буруу жана райондун мектептерин комплектөө боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Мындай тышкары МАБдардын жетекчилерине көмүр камдоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына билим берүү мекемелериндеги отканаларды жаратылыш газына өткөрүү, райондук билим берүү борборуна жылытуу системасын оңдоону өз убагында бүткөрүү тапшырылды.
Ошондой эле ден-соолукту сактоо жана жеке коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү экендигин белгиленип, флюорографиядан өтүү сунушталды.