Шаардыктардын коопсуздугу жана борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мыйзамсыз туташкан зымдарды кесүү иштери уланууда.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз тартылган зымдарды текшерүүгө алган.

Бул жолу Эмен сейил багындагы зымдар алынды.

Негизинен мыйзам бузуулар батуттардын электр жарыгына, ошондой эле балмуздак жана суусундуктарды сатуучу жайлардын уруксатсыз туташууларына байланыштуу болуп саналат. Жалпысынан 200 метрди түзгөн кабель алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз зымдарды жана кабелдерди башаламан абалда байкасаңыз, анда колл-борборунун 1840, 1850 кыска номурларына чалууну, ошондой эле WhatsApp: 0554 182185 номуруна фото жана видеолорду жөнөтүүнү суранабыз.