Акыркы убакта Бишкек шаарында курулуш таштандыларын контейнерлердин жанына мыйзамсыз таштоо фактылары көп катталууда.

Биринчи май районундагы Троицкая жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык”  муниципалдык ишканасынын кызматкерлери белгисиз адам “Хундай Портер”  үлгүсүндөгү унаасы менен таштанды таштоочу челектин жанына курулуш таштандыларын түшүрүп жатканына күбө болушкан.

Унаа тууралуу маалымат укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, изи сууй электе унаанын айдочуусу кармалды.

Биринчи май районун администрациясынын адистери жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү мыйзам бузган жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле ага "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сом өлчөмүндөгү айып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Курулуш калдыктарын, куураган бак-дарак, чөп-чарларды таштанды челектерине ыргытпоону суранабыз.