Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын жамааты өз багытында  ишин улантууда. Инспекция жарандардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзөт.

Аталган инспекция тарабынан бир жуманын ичинде 260 миң сомго 25 протокол түзүлүп, катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча уюмдар менен милдеттүү түрдө келишим түзүүгө 53 жазма буйрук берилген. Буйрук чарбалык субъектилерди жана ишканаларды таштанды чыгарууну 3 күндүн ичинде бүтүрүүгө милдеттендирди. Болбосо, текшерүү ыйгарым укуктуу органдын көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн протоколдор түзөт.

Борбор калаадагы мыйзам бузуулар боюнча КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси мурдагыдай эле алдыда келе жатат. Таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгаруу үчүн жоопкерчиликке №1 орто мектеп-гимназиясы, «Макрострой» ишканасы, «Түндүк электр» ААК, «Приоритет» окуу-тарбия комплекси, Шаумян көчөсү, 13 дарегиндеги тигүү цехи тартылат. Бишкек шаарынын тургуну Исмаилова А.К. 115-берененин 3-бөлүгү менен таштанды өрттөгөндүгү үчүн 7500 сом айып төлөйт.

Логвиненко көчөсү, 55 дарегинде уруксатсыз жарнакты жайгаштыруу үчүн «Партнер Кей Джи» ЖАКсы 179-берененин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчилик тартат.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.