“Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды челектерди жана аянтчаларды кайрадан жууп тазалоодо.

Биринчи май районунда 2 күндө 200гө жакын таштанды челеги жана 30дан ашык таштанды аянтчасы жуулду. Биринчи күнү Ленинградская, Тоголок Молдо, Мидин, Щербаков көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү. Экинчи күнү челектер Месароша, Кайназаров, Профсоюз көчөлөрүндө жуулду.

Белгилей кетсек, челектерди жана таштанды аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке ылайык бардык райондордо жүргүзүлөт.