Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти тарабынан жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында Ош-Базары соода-базар комплексинин аймагындагы контейнерлердин ээлери менен ижара келишимин түзүү иштери жүргүзүлүүдө.
2010-жылы Кулиев жана Павлов көчөлөрүндө унаа токтоочу жайы бар соода комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн «Берекет» ЖАКсына 0,953 га жер тилкеси 10 жылдык мөөнөткө берилген.
2019-жылы Ош базарынын аймагында жер тилкелерин берүүнүн, соода түйүндөрүнүн курулушунун жана иштешинин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Келишимге ылайык, ижарачы жер участогун белгиленген ченемдик мөөнөттө, бирок 2 жылдан ашык эмес өздөштүрүүгө милдеттүү. Бирок, жер тилкесин алгандан бери «Берекет» ЖАК тарабынан берилген жер участогуна унаа токтоочу жай менен соода комплексин куруу боюнча токтомдун талаптары аткарылбай, ошол эле учурда аталган жер тилкеси өз багытында пайдаланылбай келген. (соода контейнерлери коюлган).
Борбор калаадагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссияда прокуратуранын билдирүүсү тууралуу маселе каралып, «Берекет» ЖАКсы боюнча келишимди узартуудан баш тартуу чечими кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө департаментке келишим түзүү өтүнүчү менен «Азия Универсал-700» ААК бир юридикалык тарапка бириккен контейнер ээлеринен 250 кайрылуу келип түшкөн. Учурда аталган департамент менен жогоруда аталган акционердик коомдун ортосунда түзүлгөн келишимде 7 миллион 200 миң сомдук ижара акысы менен бир жылдык мөөнөткө ижара келишими түзүлдү. Аткарылган иштердин натыйжасында жергиликтүү бюджетке 2 миллион 300 миллион сом түштү.