Сугатты сапаттуу жүргүзүү үчүн “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арык сугаты менен биргиликте атайын “помпа” же насос аркылуу сугарышат.
Помпа аркылуу сугат иштери атайын автономдук насостук станциянын жардамы менен жүргүзүлөт. Атайын суу соргуч арыктан сууну тартып шланг аркылуу арыктын суусу жетпеген жерге алып барып сугарылат. Шлангтын узундугу суу соргучтун күчүнөн байланыштуу.
Ушундай атайын помпа менен жашылдандыруучулар Манас проспектин, Жибек-Жолу, “Эмен” сейил багын, “Ынтымак”, “Ата-Түрк”, “Жеңиш” сейил бактарын сугарышты.
Арык аркылуу сугат иштери болсо таң эртеден Калык Акиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь, Жибек-Жолу, Фрунзе, Тыныстанов көчөлөрүндө, Чүй проспектинде жана ошондой эле “Театральный”, Максим Горький атындагы кичи сейил бактарында жүргүзүлдү.