2022-жылдын 20-августунда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын стадионунда резервдик командалар арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алтын медалдары үчүн чечүүчү беттеш өткөрүлөт.

Калаанын "Алга-2" (экинчи команда) менен "Дордой-2" футболдук клубу оюн талаасында күч сынашат. Беттеш Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде саат 18:00дө башталат.

Футбол федерациясы жана Кыргызстандын футбол боюнча профессионалдык лигасынын чемпионатынын уюштуруучулары 2022-жылдагы сезондун жеңүүчүлөрүнө медалдарды жана кубокту тапшырууну пландаштырууда.

Маалымдама: “Алга” – СССР маалынан бери Кыргызстанга белгилүү жана күчтүү клуб, СССРдин чемпионатына тынымсыз катышып, Биринчи лигада жалпысынан 27, Экинчи Лигада 16 сезон өткөргөн. “Алга” – Экинчи Лигада турнирди жеңип, Биринчи Лигада бирден ашык сезон ойногон жалгыз кыргызстандык клуб.