Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасына ылайык, аба-ырайы сууктаган маалда  көмүрдүн кымбатташына жол бербөө, ошондой эле ажиотажды алдын алуу максатында райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 2022-жылдын 1-августунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнө баштады.

Жалпысынан 2022-2023-жылдардагы жылытуу мезгилине шаардын аймагында жайгашкан  жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана майыптыгы бар балдар менен иштеген төрт уюмга жана 4164 аз камсыз болгон үй-бүлөгө компенсация төлөнөт.

Бул жардам шаарда туруктуу каттоодо турган жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешеси жакырчылыктын ашкере чегинен (1647 сом) ашпоого тийиш.

2022-жылдын 30-июнуна чейин талаптарды тастыктаган документтердин толук пакети менен кайрылган жарандар компенсация алышат.